Кружки
Расписка при продаже квартиры, образец - fortstroi.com.ua
Информация о недвижимости - comintour.net
Чем штукатурят газобетон, смотрим на странице http://stroidom-shop.ru

Картинки «Внимание конкурс!» (35 фото)

Балдардын  жана  өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору  “Мен Жеңишти тартам!” аттуу балдардын  сүрөттөрү  , эски согуш учурундагы(фотографиялар)  боюнча онлайн-сынак  жарыялайт. Онлайн-сынак “Сейтек” борборунун студия, секция, чыгармачылык коллективдерине катышкан  окуучулардын  арасында, Улуу жеңиштин 75-жылдыгынын   алкагында өтөт.

            Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата тартылган сүрөттөр, төмөнкү  сунушталган  темаларды камтышы мүмкүн:

·         “Мен унуткан жокмун, Мен сыймыктанам!”;

·         “Жеңиш күнүңөр менен!”;

·         “Улуу Ата Мекендик согуштун  аскерлери(солдаттары)”;

·         “Улуу Жеңиштин жүзү”;

·         “Бардыгы фронт, бардыгы Жеңиш  үчүн!”;

·         “1941-1945 жж. аскердик техника”;

·         “Удуу Жеңиштин  символдору”;

·          Ленинград блокадасынын  эпизоддору...”;

·         “Сыйлыктар”.

 

 Максаты жана милдети:

·         Өсүп келе жаткан муунга  эстетикалык тарбияны калыптандыруу;

·         Балдардын чыгармачылык жана эстетикалык жөндөмдөрүн өстүрүү;

·         Сынак, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун   жана тирүү калгандардын баатырдыгына, эрдиктирине таазим кылуу;    

·         Улуу Жеңиш, КМШ өлкөлөрүндө гана эмес, бардык адамзатына  тагдырлаш экендигине, тарыхый маанилүүлүгүнө туура түшүнүк берип тарбиялоо;

·         “Улуу Ата Мекендик согуштун” тарыхый  баалуулугун  билүүгө тарбиялоо;

·         Бизге тынчтык тартуулаган баатырлардын жана башка согушка катышкандардын  элестерин түбөлүккө сактоо.

Катышуучулар:

·         Сынакка “Сейтек” борборунун төмөнкү жаштагы  окуучулар катышышат: 5 жаштан 7 жашка чейин, 7 жаштан 12 жашка чейин, 12 жаштан жогору.

Сынакка  катышуучулардын  иштерине  талаптар:

·         Сүрөттөр: акварель, гуашь жана башка техникаларда аткарылышы керек;

·         Сүрөттөр А 4 формасында, сүрөттүн аталышы, сүрөттүн авторунун аты-жөнү, жашы, коллективдин аталышы, телефону болушу керек;

·         Ошондой эле эски согуш убагындагы сүрөттөрдүн аталышы, согуш учурундагы сүрөттөрдүн: JPEG(jpg)  форматта  болушу керек, ал сүрөттө ким экендиги, аны ким салгандыгы, аткарган окуучунун  Ф.А. , жашы, кайсы коллективден экендиги,телефону(соткасы);

·         Калыстар мүчөлөрү, сүрөттүн мазмуну, темасы жана композициясы менен төп келишин, өзгөчөлүгүн, өтө чеберчиликте, эстетикалык, так  аткарылышын  карайт.

 Сынактын чечими:

·         Балдардын сүрөттөрүн сынакка берүү мөөнөтү 2020- ж. 25 апрелине чейин;

·         Сүрөттөр nadejda.cmc@gmail.com электрондук почтага, жана  вотсап номерлерине 0555769672, 0551727269, андан кийин алар обработкадан өтүп  Fаcebook, баракчага, “Сейтек” борборунун  сайтына жайгаштырылат;

 

·         Сынактан ар бир жаш курактан 1,2,3 орун алгандар дипломдор менен, айырмаланган  окуучулар  кызыктыруучу байгелер менен сыйланышат. Сынактын мөөнөтү өткөндөн кийин, сүрөттөр цифровизацияланып, “Сейтек” борборунун сайтына жайгаштырылып,сынактын мөөнөтү аяктагандан кийин, уюштуруучулар сүрөттөрдүн оригиналын алып келүүсүн сурашы мүмкүн,  андан кийин Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунда  көргөзмө уюштурулат.

 

Национальный Центр детей и юношества «Сейтек» объявляет онлайн-конкурс детских рисунков и фотографии: «Я рисую Победу!», среди учащихся творческих коллективов, студий, секций Центра «Сейтек» в рамках 75-летия Великой Победы в Великой Отечественной войне.
 
На конкурс можно прислать рисунок или фотографию на любую предложенную тему:
• «Я помню, Я горжусь»;
• «С Днем Победы!»;
• «Солдаты Великой Отечественной войны»;
• «Великая Победа в лицах»;
• «Все для фронта, все для Победы»;
• «Военная техника 1941-1945 гг.»;
• «Символы Великой Победы»;
• «Эпизоды блокады Ленинграда…»;
• «Награды».
 
Цели и задачи:
• формирование эстетического воспитания подрастающего поколения;
• развитие творческих и художественно-эстетических способностей детей;
• конкурс станет данью памяти мужеству и героизму погибших и выживших в Великой Отечественной Войне;
• воспитание правильного понимания исторической значимости Великой Победы как события, ставшего судьбоносным не только для стран СНГ, но и для всего человечества;
• понимание исторической ценности «Великая Отечественная Война»;
• стремление увековечить память героев, и всех тех, кто подарил нам мирное небо.
 
Участники:
• В конкурсе принимают участие учащиеся Центра «Сейтек» следующих возрастных категорий: от 5 до 7 лет, с 7 до 12 лет, с 12 лет и старше.
 
Требования к работам:
• Работы могут выполняться в любой технике: гуашь, акварель;
• Работа должна иметь формат А4, с указанием названия работы, Ф.И.О автора, возраст, название коллектива, телефон (сотовый).
• Допустимый формат файла фотографии: JPEG (*.jpg) с указанием названия работы, Ф.И.О автора, возраст, название коллектива, телефон (сотовый).
• Жюри оценивает смысловую нагрузку рисунка и фотографии, соответствие темы и композиции, цветовое решение, оригинальность замысла, мастерство исполнения, эстетичность, аккуратность выполнения рисунка.
 
Подведение итогов и награждение:
• Срок подачи на конкурс до 25 апреля 2020 г.
• Рисунки и фотографии отправлять на электронную почту: Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. , или по ват сап: 0555769672, 0551727269. Все работы будут представлены на странице НЦДЮ «Сейтек» в Facebook и на сайте Центра: seitek.kg;
• Участники конкурса, занявшие 1,2,3 места в каждой возрастной категории награждаются дипломами и поощрительными призами.
• Организаторы могут попросить переслать работы в оригинале для оформления выставки в Национальном Центре детей и юношества «Сейтек».

«СЕЙТЕКТИН» АКЦИЯСЫН ДҮЙНӨ ЭЛДЕРИ КОЛДОШУУДА

Дүйнөнү “COVID 19” каптап жаткандан баштап Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун окуучулар жана мугалимдер жамаатынын окуу-тарбиялык иши, борбордун иштөө планы дагы башкача нукка бурулду. Карантиндин биринчи күнүнөн тарта бардык билим берүү мекемелериндей эле «Сейтек» борборунун педагогдору дистанттык окутууга өтүшкөн. Борбордун педагогу Н.С.Намазбековдун идеясы: “Үйдө бол!”, “Биз үйдөн чыкпайбыз!”, “Мен өлкөмө жардам берем!” акциясын борбордун бардык мугалимдери, окуучулары колдоп, алардан эстафетаны Баку шаарынан Мехрибан, Алматы шаарынан Эсма, Екатеринбургдан Амир алып, бул флешмобду бүткүл дүйнө элдери колдоп жатышат. Мындан тышкары Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата “Өлбөс өчпөс каттар” — “Бессмертные письма” аттуу акциясы башталды.

АРАЛЫКТАГЫ САБАКТАР

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун директорунун орун басары Ира Балтабаеванын берген маалыматына таянсак, карантин жарыялангандан баштап борбордун педагогдору окуучуларды эшикке чыгарбай алаксытып, ар кандай көнүгүүлөрдү үйлөрүнөн жасаганды үйрөтүп, өткөн темаларын кайталашты.

— Карантиндин биринчи күнүнөн тарта, т.а. 20-марттан тарта «Сейтектин» педагогдору WhatsApp аркылуу сабактарын өтүштү. Биздин окуулар предметтик сабактарга караганда башкача, анткени окуу программалар типтүү, автордук, адаптацияланып түзүлгөндүктөн, ар бир мугалим темадан тышкары изденүү менен сабактарды өтөт. Балдардын баарында эле компьютер бар деп айтууга болбойт, ошентсе да телефон менен, WhatsApp, фейсбук, ютуб аркылуу сабактар өткөрүлүп жатты. Албетте, бул сабактар кайталоо иретинде, жаңы ыкмаларды, темаларды үйрөтүү боюнча өтүлдү. Сабактарга катышкан окуучулар күнүгө жасаган көнүгүүлөрүн ынтызарлык менен кайталап, жаңы көнүгүүлөр боюнча педагогдордон тапшырма алып жатышат. Булардын катарында борбордун мугалимдери, окуучулары: “Азия Нур” ыр-бий студиясы, “Ариет” бий студиясы, “Ак Ниет” хореографиялык бий студиясы, “Шаттык” бий ансамбли, “Дилгир”, ”Шертай” бий ансамблдери, “Байчечекей” фольклордук-этнографиялык ансамбли, “Ак Шоола” хору, “Оймо Кg” студиялары түзүштү. Мугалимдердин сабактары өзүнчө расписание менен WhatsAppка чыгып турду. Бул «Сейтектин» карантин убагында балдарды бош олтургузбай, алардын окууга болгон кызыгууларын арттыруу болду, — дейт Ира Балтабаева.

ҮЙДӨН ЧЫКПА!

Карантин күндөрү эшикке чыгуу чектелгендиктен, борбордун таланттуу балдары телефон аркылуу бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, мугалимдер аларга аралыктагы сабактарды өтүп жатышат. Элдин эшикке чыгууларына чектөө боюнча, борбордун окуучулары менен мугалимдери: “Үйдө бол!”, “Биз үйдөн чыкпайбыз!”, “Мен өлкөмө жардам берем!” акциясын борбордун бардык мугалимдери, окуучулары колдоп кетишти. Бул идея «Азия Нур» ыр-бий студиясынын жетекчиси Н.С.Намазбековго таандык. Анын идеясын борбордун педагогдору Шамыралиева Г.Ш., Мельникова Л.А., Акыбаева А.К., Тыналиева Н.А., Пантенкова Л.Б., ”Жаш тилек”, “Жылдыз” ансамблдери колдоп, алардан эстафетаны бардык мугалимдер, керек болсо чет жактагы Баку шаарынан Мехрибан, Алматы шаарынан Эсма, Екатеринбургдан Амир алып, бул флешмобду бүткүл дүйнө элдери колдоп жатышат.

«АК ШООЛАНЫН» СЫНАГЫ

— Биздин коллективдердин арасынан өзгөчө орунду “Ак Шоола” хору ээлейт. Анткени алардын курамында эки жаштан өйдө кичинекей наристелер бар. Карантин жарыялангандан бери, хордун окуучулары менен мугалимдери (жетекчиси Эсенгулова Г.Ш., хормейстери Шабданалиева С.Ө.) өтө тыгыз байланышта, алыстан болсо да, телефон, WhatsApp аркылуу баарлашып жатышат. Музыкалык окуу жайлардын 1-классында өткөн материалды, алар карантин убагында өтүп коюшат окшойт. Балдардын өздүк контагы менен, берилген тапшырмалар текшерилип, катасы болсо оңдолуп, өтө жакшы жыйынтыгын берип жатат. Ар бир группа менен репертуар кайталанып, ар бир баланын ырды аткаргандыгы текшерилүүдө. Ар бир окуучу тапшырманы өтө кылдаттык жана ынтызарлык менен аткарып жатышат. «Ак Шооланын» сабактарын Токтогулда жашаган балдар да колдоп, кайталап жаткан видео бар. Балким, келечекте ошол балдар ырчылыкка тартылып, таланттуу ырчы балдардын катарын түзөт, — дейт жетекчинин орун басары.

Айтмакчы, бул коллективдин дагы бир өзгөчөлүгү — ар бир окуучу ата-энеси менен биргеликте репертуарларынан бир ырды аткарууга сынак жарыялаган. Сынактын биринчи туру аяктады. Телефонго жүктөлгөн видеоматериалдардан балдар менен ата-энелердин ырларды аткаруусу өтө кызыктуу өттү. Салган видеолордон ата-энелердин, “Ак Шоолада” тарбияланган окуучулардын репертуарындагы ырларды так аткарып, мугалимдей болуп тапшырма берип, кайталатып жатышат. 2020-жылдын 5-апрелинен сынактын экинчи туру башталды. Сынактын экинчи турунда, ырлар концерттик вариантта, костюмдары менен аткарылат. Жюри иштеп жатат, приздер каралган.

«Ак Шооланын» бүтүрүүчүлөрү дагы ырларды аткарууда, өз үй-бүлөлөрү менен активдүү катышууда. Алардын дагы үй-бүлөлөрү менен аткарган ырлардын видеолорун көрсө болот.

ӨЛБӨС ӨЧПӨС КАТТАР

— “Сейтек” борборунун дагы бир ишине токтолбосом болбойт. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын алкагында “Өлбөс өчпөс каттар” — “Бессмертные письма” аттуу акциясына окуучулардын кызыгуусу өтө күчтүү экени видеоматериалдардан көрүнүп турат. Бул акцияга көптөгөн окуучулар тартылышкан. Ар кандай каттарды, ырларды окуп, сүрөттөрдү тартуу менен бирге, өзүлөрүнүн чоң аталары жөнүндө айтып берип жатышат. Бул акцияга кошулган окуучулардын саны өтө көп. Балдардын ар бир видеону өтө берилгендикте, чоң ынтызарлык менен аткарууларын белгилеп кетсек болот. Балдар карантинде жүрүшсө дагы, кызыкдар болуп, ата-энелердин жардамы, мугалимдин, жетекчинин тарбиясы, багыты менен видеоматериалдарды тартып, аны кайра сайттарга жүктөп жатышат. Окуучулардын мектептен тышкары да окууга, билим алууга кызыкдар экендигине күбөбүз. Ушул акцияга салым кошкон, биринчиден, ата-энелерге, окуучуларга, борбордун жетекчи мугалимдерине: т.а. Намазбеков Н.А., Боровикова Н.А., Мельникова Л.А., Пантенкова Л.Б., Латыпова С.Ж., Тыналиева Н.А. , Алдабек к. Г., Брейво Ю.В. ыраазычылык айткым келет, — дейт Ира Камалтуновна.

ВИДЕОСАБАКТАР — МУГАЛИМДЕРГЕ ЖАРДАМ

Алыскы аралыктан активдүү видеосабактарды алып баргандар: “Азия Нур” ыр-бий студиясы, “Ариет” студиясы, “Ак Ниет” хореографиялык бий ансамбли, “Дилгир” ансамбли, “Ак Шоола” балдардын хору, “Байчечекей” фольклордук-этнографиялык ансамбли, “Почитайка”, “Родничок” балдарды мектепке даярдоо студиялары, “Чжун дао” ушу мектеби, Изо студиясы. Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы республикалык мугалимдердин билимин жогорулатуу институту менен биргеликте даярдалган, мектептен тышкаркы билим берүү борборлорунун мугалимдери үчүн тартылган дистанттык окуулар — мугалимдер үчүн чоң жардам, табылгыс усулдук кеңештер. Ар бир видеосабак окуу-тематикалык пландын, окуу программанын (автордук, типтүү, адаптацияланган) негизинде түзүлгөн. Бул сабактар жер-жерлердеги мугалимдерге чоң жардам болооруна жетекчилердин үмүтү чоң.

— Мугалимдерибиз окууга гана басым жасабастан, азыркы убактагы кырдаалды түшүндүрүп, ушул тапта дагы тарбиялык ишти алып барышууда. Вирус канчалык коркунучтуу экендигин, аны жугузуу болбостугун, азыркы этапта эч ким менен сүйлөшпөө керек экендигин түшүндүрүп жатышат. Окуу дагы аралыкта жүргүзүүлөрүн айтышууда. Балдардын арасында суицид көп жүрүп жаткандыгын, бул эмне үчүн, эмнеликтен келип жаткандыгын, балдар азыр өзүлөрүнө өздөрү коюлгандыгы, бул убак ата-энелер менен көпкө болууга берилгендиги, ата-энелерге жардам берүүгө шарт түзүлгөндүгү, азыр эми окуу дагы аралыкта өтүлө тургандыгын түшүндүрүп жатышат. Биздин балдардын жиберген видеоматериалдары аябай кызыктуу, окууга өтө ынтызар экендиктери, көп нерсени үйрөнүп билгендиктери, үй шартында дагы окууга ынтызар экендиги көрүнүп турат, — дейт И.Балтабаева.

Борбордун мугалимдер жамаатына, окуучуларга ийгиликтерди каалап, дүйнөнү каптаган алааматтан аман-эсен чыгып, сак-саламатта болуп, далай-далай Кыргызстандын желегин сынак, фестивалдарда желбиретип, шаардык, республикалык иш-чараларды өткөрүп, сахнанын таланттуу балдары, ажарын ачкан жаш, келечек ээлери болушарына терең ишеним бар экенин борбордун жетекчилери билдиришүүдө.

«Сейтек» борборунун бардык видеосабактары, материалдарды Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун сайтынан, фейсбук, ютуб баракчалардан, КР Билим берүү жана илим министрлигинин кошумча билим берүү баракчасынан тапсаңар болот. Алдыда дагы, борбордун мугалимдеринин видеосабактарын тартуу пландаштырылган. Борбордун көптөгөн пландары дагы алдыда.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

 

«СЕЙТЕК»: «СПАСИБО ДЕДУ ЗА ПОБЕДУ!»

В НЦДЮ «Сейтек» оформлена выставка, посвященной к 75-летию Великой Победы: «Спасибо деду за Победу!», которая вызвала большой интерес у детей и взрослых.

По информации директора центра Сабийры Челпаковой, оформляются еще несколько выставочных стендов, а также готовятся плановые мероприятия, посвященные этой дате с целью выявления талантливой одаренной молодежи и содействия ее творческому росту; популяризации культуры, идей гуманизма, патриотизма и преемственности поколений, путем творческого развития личности.

— А также создан видеоролик на 3,5 минуты о фронтовике Лопаткине Викторе Ивановиче — отце преподавателя школы ушу «Чжун Дао» НЦДЮ «Сейтек» Лопаткина Евгения Викторовича. (Имеется подборка архивных документов на семи листах о военных подвигах и заслугах Виктора Ивановича). В этот ролик также включены два видеофильма о праздновании 70-летия Великой Победы). Идет подготовительная работа к празднованию Великой Победы, а также документы архива НЦДЮ «Сейтек» показали, что в маленьком коллективе трудятся родственники четырех сотрудников — являющихся Героями Советского Союза и один воспитанник Бобров Евгений бывший командир пионерского штаба, Герой России командир подводной лодки, — говорит директор центра.

Надо отметить, что до карантина в школах, больницах, театрах, музеях, в форме благотворительной деятельности были показаны спектакли детско-юношеского театра ШКИД (шикарно, когда играют дети), посвященные военно-патриотической теме: «Блокада Ленинграда», «Играли мальчики в войну», «Дорога в Париж».

— Мы надеемся, что после снятия Чрезвычайного положения проведем республиканский конкурс танцевальных коллективов по хореографическому искусству «Звезда Победы» на военную тематику и обязательно под музыку и песни военных лет; республиканский конкурс хоровых коллективов «Улар уну» на песни военных лет. Это второй конкурс, направленный на развитие хорового искусства, которое за последние годы почти исчезло; «Виват Победа!» — концерт народного образцового ансамбля «Улыбка», под руководством Отличника образования и культуры Соломко И.П.; «Эхо прошедшей войны» — концерт народного образцового хореографического ансамбля «Шаттык» под руководством заслуженных работников культуры и отличников образования Латыповых С.Ж. и Э.В. и «Спасибо деду за Победу!» — конкурс сочинений, плакатов, работ прикладного творчества среди учащихся НЦДЮ «Сейтек», во всех коллективах Центра пройдут «Уроки мужества», — говорит С.Челпакова.

Надо сказать, что в центре с первых дней карантина проводятся педагогами дистанционные уроки. Об этом мы писали ранее.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»