Кружки
Расписка при продаже квартиры, образец - fortstroi.com.ua
Информация о недвижимости - comintour.net
Чем штукатурят газобетон, смотрим на странице http://stroidom-shop.ru Как правильно варикоз лечить

НЦДЮ «Сейтек» подводит итоги

Майские праздники прошли, и мы смело можем подвести итоги двух онлайн-конкурсов, посвященных 75-летию Великой Победы, которые провели и организовали Министерство Образования и Науки КР и Национальный Центр детей и юношества «Сейтек».

25 апреля закончился онлайн-конкурс детских рисунков и фотографий: «Я рисую Победу!», среди учащихся творческих коллективов, студий, секций Центра «Сейтек». На конкурс поступила 191 работа от 165 авторов. Активное участие в конкуре приняли воспитанники Ансамбля «Улыбка». Выбирать победителей было не просто. При оценке работ учитывались такие критерии как мастерство исполнения, раскрытие тем конкурса, оригинальность творческого решения и качество выполнения рисунка.

Победители определялись по трем возрастным категориям:

Победители первой возрастной категории (до 7 лет):

1 место – Джунусов Алишер (Школа Ушу «Чжун дао»)

2 место – Бенш София (Ансамбль «Азия Нур»)

3 место – Бакытбекова Аиша (Ансамбль «Шаттык)

Победители второй возрастной категории (с 8 до 11 лет)

1 место – Адаева Милана (Ансамбль «Азия Нур»)

2 место – Токтосунов Байсал (Ансамбль «Шертай»)

3 место – Джакыпбеков Актилек (Студия «ИЗО»)

3 место – Маликов Медер (Студия «ИЗО»)

Победители третьей возрастной категории (от 12 лет и старше)

1 место – Кубатова Жибек (Ансамбль «Шаттык)

2 место – Бабаджанова Нигора (Ансамбль «Азия Нур»)

3 место – Варваштян Карина (Ансамбль «Азия Нур»)

3 место – Аксамаева Жамиля (Ансамбль «Азия Нур»)

Учитывая ситуацию сегодня, мы провели интернет-конкурс среди сольных исполнителей песен на патриотическую тему, тему Родины, песен военных лет. Конкурс проводился на лучшее исполнение песен для детей кыргызских и русских композиторов среди учащихся общеобразовательных школ и внешкольных учреждений. В нем приняли участие 79 юных исполнителей из Ошской, Жалал-Абадской, Баткенской, Чуйской, Ыссык-Кульской, Нарынской областей. Особо хочется выделить участников из Нарынской области, которые приняли активное участие. Высокий уровень исполнительского мастерства был отмечен компетентным жюри.

Победители:

1 место – Бейшенбекова Асема, Курманбеков Улук, Кадырова Үмут (Нарынская область), Абдуллаев Бекзат (Ошская область), Жангазиева Ханзада, Жумабаев Жынышбек (Жалал-Абадская область), Каримова Самира, Эсенгулов Байыз, Закиров Адиль и Закиров Эдиль, Камчыбеков Эрбол, (Чуйская область), Данияровы Даяна, Айдар и Кирсана (г.Бишкек).

2 место – Мырзабеков Азат, Расулов Тууганбай, Чолпонкулова Айтурган. (Нарынская область), Арзыкулов Арлан, Рашев Нурдин (Чуйская область), Тургунбаев Жумадыл (Ошская область), Момошова Раяна (Баткенская область)

3 место – Русланова Нурайым, Үсөнова Айназик, Кемелбекова Фатима (Нарынская область), Бекбоев Актан, Марат у. Алманбет (Чуйская область), Абибиллаева Раяна, Акылбек у. Махмут, Кочкорова Айзирек (Ошская область), Чоюбеков Эсеналы (Жалал-Абадская Область)

 

Все участники конкурсов награждаются дипломами 1,2,3 степеней и грамотами за активное участие.

Среди  учащихся НЦДЮ «Сейтек» были проведены Акции «Спасибо деду за Победу!» и «Бессмертные письма»

В Акции «Спасибо деду за Победу!» воспитанники Центра рассказали о своих прадедах, которые воевали, их подвиги, историю, какие награды имели.  В этой акции приняли активное участие: студия «Шертай» – руководитель Тыналиева Н. А. и дети из Нарынской области, Кочкорского района.

Видеоматериалы Акции «Бессмертные письма»  были представлены отрывками из стихов и монологами.  Мы получили 52 работы не только от учащихся Центра, но и ребят из разных областей. Хочется отметить Ансамбли: «Шаттык», «Улыбка», «Азия Нур», «Дилгир» , «Ариет» и ребят из Нарынской, Жалал-Абадской, Баткенской областей.

Все участники Акций будут награждены грамотами за активное участие.

Мы благодарим ребят, которые представили свои работы на конкурсы и Акции, выражаем признательность преподавателям и родителям, которые организовали своих детей и воспитанников для участия.

Работы победителей размещены на странице НЦДЮ «Сейтек» в фейсбуке.

“Келечек ээлери – жаш таланттар”

“Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган” балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору жарыялаган иш-чаралардын жыйынтыгы.

25 апрелде “Сейтек” борбордун чыгармачылык коллективдердин, студия, секция окуучуларынын арасында “Мен Жеңишти тартам!” аттуу балдардын сүрөттөрүнүн онлайн-конкурсу аяктады, жыйынтыкталып жатат. 165 окуучудан 191 иш түштү. Борбордун “Улыбка”, “Азия Нур”, “Дилгир” “Шаттык” ансамблдеринин окуучулары активдүү катышышты. Эң активдүүсү ”Улыбка” анасмблинин окуучулары болушту. Бул конкурска, согуш темасына окуучулардын эң ынтызар экендиктерин көрсөтүштү. Иштерди кароодо сүрөттү аткаруу чыгармачылыгы, конкурстун темасын ачуу, чыгармачылыкты ачууда оригиналдуулугу, сүрөттү тартууда сапаты каралды. Жыйынтыктоодо катышуучулардын арасынан жеңгендерди тандоо өтө кыйынчылык жаратты. 
Жеңүүчүлөр үч категорияга бөлүндү:
Биринчи жаш курактагы жеңүүчүлөр (7 жашка чейин):
1 орун – Джунусов Алишер (Ушу «Чжун дао» мектеби)
2 орун – Бенш София («Азия Нур» анс.)
3 орун– Бакытбекова Аиша («Шаттык анс.)

Экинчи жаш курактагы жеңүүчүлөр: ( 8 жаштан 11 жашка чейин)
1 орун – Адаева Милана ( «Азия Нур» анс.)
2 орун – Токтосунов Байсал («Шертай» анс.)
3 орун– Джакыпбеков Актилек ( «ИЗО» Студиясы)
3 орун – Маликов Медер («ИЗО» Студиясы)

Үчүнчү жаш курактагы жеңүүчүлөр: (12 жаштан жогору)
1 орун – Кубатова Жибек («Шаттык анс.)
2 орун – Бабаджанова Нигора ( «Азия Нур» анс.)
3 орун – Варваштян Карина ( «Азия Нур» анс.)
3 орун – Аксамаева Жамиля ( «Азия Нур» анс.)

Мектеп окуучуларынын хор менен ырдоо жанры аксап жатканына байланыштуу эки жылдан бери хор коллективдери арасында конкурстар жарыяланып келет. Быйыл Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору 2020 жылга республикалык балдар хорунун конкурсун өткөрмөк болгон. Учурдагы кырдаалга байланыштуу ал конкурстун ордуна жеке ырдоочулардын интернет-сынагы жарыяланган. Жеке ырдоочулар өздорүнүн активдүүлүгүн толук көрсөтүштү. Кыска убакта өздөрү үй шартында тарткан видеоматериалдар тынбай келип жатты. Бардыгы согуш темасындагы ар кандай ырларды мыкты аткарышкандыгына күбө болдук. Сунушталган видеолор 9-майга чейин кабыл алынып, адистер тарабынан иргелип, жеңүүчүлөрү сиздердин назарыңыздарга сунушталып турат. Бул онлайн – сынак жалпы билим берүүчү мектеп окуучуларынын жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында өттү. Ырлар кыргыз, орус авторлорунун Жеңиш, согуш, Ата-Мекен, патриоттук темадагы ырлар. Бул онлайн –сынакка Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Нарын, Ысык-Көл областынан 79 окуучу катышты. 
Бул сынакка эң активдүү катышкан Нарын областынын окуучулары болушту. Бул сынакты дагы жыйынтыктоо өтө кыйынга турду. Ырдоо, жеке аткаруучулук биздин окуучулардын арасында жакшы жолго койулганы сүйүнтөт. Жер-жерлерде балдар менен иштеген кызыкдар, өз ишин билген мугалимдер көп экендиги кубандырат. Окуучулардын ырды аткаруучулуктары өтө жогору экендигин биздин компетентүү калыстар тобу белгилешти.

Бул онлайн-сынактын жеңүүчүлөрү:

1 –орун Бейшенбекова Асема, Курманбеков Улук, Кадырова Үмут (Нарын областы), Абдуллаев Бекзат (Ош областы), Жангазиева Ханзада, Жумабаев Жанышбек (Жалал-Абад областы), Каримова Самира, Эсенгулов Байыз, Закиров Адиль и Закиров Эдиль, Камчыбеков Эрбол, (Чуй областы) ,Данияров дор Даяна, Айдар и Кирсана ( Бишкек ш.)

2 орун – Мырзабеков Азат, Расулов Тууганбай, Чолпонкулова Айтурган. (Нарын областы), Арзыкулов Арлан, Рашев Нурдин (Чуй областы), Тургунбаев Жумадыл (Ош областы), Момошова Раяна (Баткен областы)

3 орун – Русланова Нурайым, Үсөнова Айназик, Кемелбекова Фатима (Нарын областы), Бекбоев Актан, Марат у. Алманбет (Чуй областы), Абибиллаева Раяна, Акылбек у. Махмут, Кочкорова Айзирек (Ош областы), Чоюбеков Эсеналы (Жалал-Абад областы).

Балдардын арасынан музыкалык коштоосуз ырдоо номинациясы берилди, алар: Абдуллаев Бекзат (Ош областы) – 1 орун, Чолпонкулова Айтурган (Нарын областы) – 2 орун, Кемелбекова Фатима (Нарын областы) – 3 орун.

Экинчи номинация музыкалык аспап менен өзүн коштоп ырдоо номинациясынын жеңүүчүлөрү: , Жумабаев Жанышбек (Жалал-Абад областы) – 1 орун, Мырзабеков Азат (Нарын областы) – 2 орун, Марат у. Алманбет (Чуй областы) – 3 орун алышты. 
Жер-жерлерде окуучулар музыкалык асапаптарда кол ойноткону кубандырат. Алар кийин татыктуу билим алышат деп ойлойбуз.
Ошондой эле музыкалык аспаптын коштоосунда “Үй-бүлөлүк ансамбль” наамына Бишкек шаарынан Данияровдордун үй-бүлөсү Даяна, Айдар и Кирсана ( Бишкек ш.) ээ болушту.
Бул онлайн-сынактын катышуучулары грамота жана 1,2,3 даражадагы дипломдор менен сыйланышат. 
Жеңүүчү катышуучулардын видеолору “Сейтек” борборунун сайтында жана Фейсбук баракчасында жайгаштырылат.
Бардык катышуучулар активдүү катышкандыгы үчүн грамоталар менен сыйланышат.

“Сейтек” борборунун окуучуларынын арасында “Жеңиш үчүн чоң атама рахмат!” акциясы өттү. Бул акциянын максаты арбир бала өзүнүн атасы, чоң атасы, бабасы жөнүндө билип, тарыхты унутпай, бабалары бул Жеңишке кандай кыйынчылыктар менен жетишкендигин, бабаларынын кайсы фронтто, кандай медаль, ордендин ээлери экендиктерин билүү эле. Бул акция “Сейтек” борборунун окуучуларынын арасында өтпөй , аймактарга да тарады. Эң активдүү катышкан коллективдер: “Сейтек” борборунун “Шертай” студиясы, ошондой эле Нарын областынын Кочкор району болду.

“Өлбөс өчпөс каттар” акциясы борбордун балдарынын арасында жарыяланды. Бул акцияга биздин окуучулар монологдорду, ырларды , каттарды окуп, видеолорун салышты. Чындыгында биздин балдар көп кырдуу таланттуу экендиктерин көрсөтүштү. Биз жалаң эле биздин балдардан эмес, аймактардын окуучуларынан бизге каттарды ала баштадык. Бизге баардыгы 52 видеоматериал түштү. Эң активдүү Шаттык”, “Улыбка”, “Азия Нур”, “Дилгир” , “Ариет” ансамблдеринин окуучулары жана Жалал-Абад областынан Таш-Көмүр ш. , Баткен областынан Кызыл-Кыя ш. окуучулары болушту. 
Бул онлайн ыр сынакка , “Мен Жеңишти тартам!” онлайн-сынагына , “Жеңиш үчүн чоң атама рахмат!”, “Өлбөс өчпөс каттар” акцияларына катышкан бардык окуучуларга, ата-энелерге, мугалимдерге балдарды катыштыргандыктары үчүн, алардын эмгектери чоң, рахмат айтып кеткибиз келет. Биздин келечек ээлери болушкан балдарга татыктуу тарбия берип, кандай кырдаал болбосун, инсан катары калыптандыра беришине тилектешбиз.
Бул акцияга катышкан ар бир окуучу грамоталар менен белгиленишет. 
Бул кыйын кырдаал да өтөөр, жашообуз жай өз нугуна тушөөр. Биз ыр боюнча онлайн-сынактан жеңген окуучуларды чакырып, борбордун залында концерт уюштурабыз. Сүрөт боюнча сынакка катышкандардын көргөзмөсүн уюштурабыз деп, алдыбызга ишеним, максат койуп туралы.

 

“Сейтек” борборунун директорунун орун басары: Ира Балтабаева

 

 

 

 

 

Читаем вместе, всей семьей”

Организаторы:


Министерство образования и науки Кыргызской Республики

 

Исполнители:


Национальный Центр детей и юношества “Сейтек”

 

ПОЛОЖЕНИЕ 


онлайн – конкурса “Читаем вместе, всей семьей”

1. Цели онлайн-конкурса:


- Повысить роль чтения в современном обществе и возродить традиции семейного чтения;


- Привить интерес к книге и чтению;


- Активизировать работу родителей по пропаганде и развитию детского чтения в семье;


- Вовлечь родителей в решение проблемы детского чтения;


- Развить у детей умение слушать, познавать, сопоставлять, мыслить словами, умение говорить;


- Приобщить детей и родителей к книжной культуре, направленной на воспитание грамотного читателя;


- Улучшить отношение между родителями и детьми;


- Обогатить духовное состояние учащихся и расширить кругозор.


2. Сроки проведения: 


- Проект стартовал 15 апреля и продолжится до 20 мая 2020 года;


3. Порядок проведение Онлайн-конкурса:


- Книга выбирается по желанию участника;


- Родители с детьми читают книгу и обсуждают прочитанное;


- После прочтения книги, участник пишет небольшое эссе и зачитывает его членам семьи;


- Этот видеоролик семейного чтения с обсуждением прочитанного и эссе, надо разместить на страничке в фейсбук под хэштегом #үйдө_китеп_окуйбуз;


- В видеоролике необходимо зачитать отрывок из произведения с хорошей дикцией, четким произношением, интонацией в соответствии с ритмом и художественным оформлением;


- Длительность видеоматериала не более 3 минут;


- Участники онлайн – конкурса должны запустить эстафету в социальные сети другим участникам; 


- В конкурсе могут принять участие все желающие семьи Кыргызстана, возраст читающего участника должен быть от 6 до 12 лет ;


4. Каждый участник должен четко проговорить: из какого произведения отрывок, назвать автора, ФИО участника, возраст, область, район, школа. Видео с эссе с неполными данными не рассматриваются. Видеоматериалы отправляются на кыргызском языке: + 996 0555130444, 0551 727269 Whats App, на русском языке 0555 769 672 Whats App, или на почту: Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра., Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. (на кыргызском), Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. .


5. Подведение итогов: 


- Активным семьям Онлайн-конкурса будут вручены дипломы, грамоты и ценные подарки; 


- Министерство образования и науки КР выбирает самую активную семью для участия в номинации “Образованная семья”; 


- Участники будут оповещены через средства массовой информации , социальные сети;


- Оценивать участников конкурса будет компетентное жюри, в составе которого видные деятели искусства, писатели, специалисты Министерства образования и науки КР;


- Видеоматериалы с эссе можно увидеть на страницах в Фейсбук под хэштегом #үйдө_китеп_окуйбуз,в Instagram.

 

“АТАМ, АПАМ жана МЕН,

 

КИТЕП ОКУЙБУЗ БААРЫБЫЗ ТЕҢ” 


Уюштуруучу:


Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим Министрлиги

Аткаруучу:


Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору

 

“АТАМ, АПАМ жана МЕН,

 

КИТЕП ОКУЙБУЗ БААРЫБЫЗ ТЕҢ” 


деп аталган бир айлык үй-бүлөлүк китеп окуу онлайн –

 

сынагынын 

 

ЖОБОСУ

 

1. Онлайн-сынактын максаты:

 


- Үй-бүлөдө китеп окууну пропагандалоо;

 


- Балдардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу;

 


- Окуучулардын таанып-билүүсүн, сүйлөө кебин жана эмоционалдык өнүгүүсүн өстүрүү;

 


- Балдардын угуу жана көңүл буруу жөндөмдөрүн өнүктүрүү;

 


- Ата-эне менен баланын мамилесин жакшыртуу, тарбия процессин активдештирүү;

 


- Окуучулардын руханий жан дүйнөсүн байытуу жана кругозорун өстүрүү.

 


2. Убактысы:

 


- Үй-бүлөлүк китеп окуу долбоору 2020-жылдын 15 апрелинен тартып 20 майына чейин уланат.

 


3. Онлайн-сынакты өткөрүү тартиби, шарттары:

 


- Министрлик балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жана ата-энелерге ылайыктуу китептердин тизмесин жарыялайт (1-тиркеме);

 


- Ата-энелер күн сайын балдары менен биргеликте китеп окушат жана окуган китеби боюнча үй-бүлөлүк талкуу уюштурушат; 

 


- Окуп бүткөн китебинен алган таасирлери боюнча кыскача эссе жазышат жана аны үй-бүлө мүчөлөрүнө окуп беришет;

 


- Китептин мазмуну жөнүндө жазган эссенин текстин фейсбук баракчасына #үйдө_китеп_окуйбуз деген хэштег менен жайгаштырат;

 


- Үй-бүлө менен биргеликте китеп окуган видео материал менен эссе 3 минутадан ашпашы керек;
- Видеоматериалда бирге китеп окуп жаткан үзүндү болушу шарт;

 


- Катышуучулар бул сынакка социалдык желелер аркылуу башка жарандарга эстафета катары өткөрүп берүүсү керек;

 


- Китеп окуу сынагына ар бир кыргызстандык үй-бүлө катыша алат, китеп окуган катышуучунун жаш курагы 6 – 12 жаш болушу шарт;

 


- Жыйынтыгы 6–12 жаш курактык категорияда төмөнкү критерийлер менен бааланат:

 


- Китеп окуу: китептен үзүндүнү окуу, окуган сөздөрү так, ачык айтылышы керек, сүйлөмдөр ритми менен, интонация жасалып көркөмдөлүп, образдуу берилиши шарт.

 


- Китептен үзүндү окуган видеонун, окуган китебинин аты, автору, эссе жазган катышуучулар аты-жөнүн, жашын, кайсы аймактан, району, мектеби жазылган так маалыматты салышы керек. Так маалыматы жок видео менен эсселер кабыл алынбайт.

 


4. Материалдарды: видеолор, эсселер: + 996 0555130444, 0551 727269 
Whats App (кыргыз тилинде), 0555 769 672 Whats App (орус тилинде), 
же : nadejda.cmc@ gmail.com, Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. (кыргызча), 
Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. почталарына салсаңыздар болот.

 


5. Жыйынтыгы:

 


- Онлайн-сынакка активдүү катышкан үй-бүлөлөргө белектер ыйгарылат;

 


- Эң активдүү катышкан бир үй-бүлөгө Билим берүү жана илим министрлиги "Билимдүү үй-бүлө" номинациясын ыйгарат; 

 


- Катышуучулар маалымат каражаттары аркылуу жарыяланып турат;

 


- Катышуучулардын китеп окуусун Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин адистери, искусство жана коомдук ишмерлерден турган компетенттүү калыстар тобу баалайт;

 


- Видеоматериалдар, эсселер Фейсбук, Инстаграмм баракчаларына#үйдө_китеп_окуйбуз деген хэштег аркылуу жайгаштырылат