Кружки
Расписка при продаже квартиры, образец - fortstroi.com.ua
Информация о недвижимости - comintour.net
Чем штукатурят газобетон, смотрим на странице http://stroidom-shop.ru

 Фото Национальный Центр детей и юношества "Сейтек".

Кечээ жакында 12-октябрда, Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында “Кыргыз эл бийи” фестивалынын сынагы жыйынтыкталып, ал сынакта “Дилгир” бий тобу “Куштун бийи”, “Кара Жорго”, “Оп майда” бийи үчүн алгылыктуу орундарды ээлегени басма соз беттеринде кенири жарыяланды.
Менин кызым да үч жашынан баштап ушул бий тобуна кирип, тарбияланып келет. Азыр кызым 9 жашка чыкты жана бий өнөрүн жеткиликтүү өздөштүрүү менен, жалпы эле тарбиясы да жакшырып, дүйнө таанымы кенейди.
“Дилгир” элдик балдар бий ансамблинин көркөм жетекчиси Шамыралиева Гулжамал эжейбизге терең ыраазычылыгымды билдирем. Себеби жаш таланттарды тардиялап өстүрүп кана тип болбостон, бу бий тобундагыларды кооздукка суктанууга, сезе билүүгө үйрөтөт. Кийин чонойгондо балдарыбыз бийчи болуп кетпесе да, тунук сезимтал, мекенин сүйгөн кыздарыбыздан болот деп ишенебиз.
Ошол себептүү көркөм жетекчи Гулжамал кызыбызга, бүгүн 80 жылдык мааракеси белгилеп жаткан жалпы эле “Сейтек” өспүрүмдөр борборунун жетекчилигине жана түпкүлүгү балдарга кам көргөн өкмөтүбүзгө терен ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Талантты Кудай берет дейт,
Бирок билгендер аны бөпөлөйт.
Гулжамал кызым, дем берип,
“Дилгирди” дагы көкөлөт!

Ыракмат, кызым, мээнетиң,
Жалпыбызды кубантты.
Кыргыз үчүн жан урөп,
Ак эмгекти уланткын!

Бу болсун сага тапшырма,
Сүйүнгөн ата-энеден!
Жакшылыкты сен берген,
Баалап алар кең мекен!

Неберем Жумакунова Айзаттын
таенеси Дуйшеева Жумабубу

 


Кичине кезимде телевизордон бийчи кыздарды көруп кызыгып, кошо бийлеп өзүмчө кыялданаар элем. Өзумдү атактуу бийчи элестетип эч кимден уялбастан берилүү менен бийлеп алуучумун.
Мектеп босогосун аттап 1-класска кирдим. Биринчи жолу жаңы жылда Сейтекке концерт көргөнү бардык. Ал жерден “Дилгир” бий тобу деп жалаң эле бийчи кыздар чыгып бийлеп беришти. Бири менден чоң, бири кичине, мендей болгон кыздар да бар экен. Бул топ мага абдан жагып калды. Уктасам түшүмдө, ойгонсом оюмдан кетпей, “Дилгир” бий тобунун бийчиси болуу менин кыялымда айланды.
Акыры кыялым орундалып, апамдын коштоосунда “Дилгир” тобуна келип бийлеп калдым. Бул топту жакындан биле баштадым. Бийге үйрөткөн эжейибиз Гүлжамал Шаршеевна абдан жакты. Мээримдүү, жылдыздуу, тамашөкөй экен. Гүлжамал эженин жардамчысы Чынара эжей, биздин бийге кийүүчү формаларыбызды дайындап турат жана баардыгына жетишет. Биздин бийлеп жаткан жерибиз Бакен Кыдыкеева атындагы театрдын ичи өтө эле кенен. Чечинүүчү бөлмө, кийимдер сакталуучу, эжейдин бөлмөсу, бийлөөчү зал. Залыбыз абдан эле кенен, жарык, бийик, чоң-чоң күзгүлөр жайгашкан. Бери дегенде бул топтун ачылганына 10-15 жыл болуптур. Бийде кенже топ 3-6 жашка чейин, ортоңку топ 11-13 жашка чейин, улуу топ 13-16 жашка чейинкилер бийлешет. Баардык кыздардын саны 50-60 тай.
Мен киргенден бери эле көптөгон ийгиликтерге жетишкенине күбө болдум. “КG тай” конкурсунан биринчиликти алдык. Ыссык Көлдөгү жайкы эс алуу фестивальдын катышуусунда, Казакстандан 1-орунду алып чон ийгиликтерге жетишти. Нооруз майрамында, жаңы жылда окуучуларга арнап концерт берип турабыз. Май айында бир жылдык отчет катары ата-энелерибизге концерт беребиз. Бийлегенде бир эле кыргыз бийин эмес, көп улуттун бийлерин бийлейбиз. Ар бир бийдин өзүнүн жарашыктуу кийимдери бар.
Дилгир тобунун бийчиси катары, Дилгир бий тобунун жана жалпы жамаатына ыраазычылыгымды билдирип кетем.

Мейманова Гүлдана Бактыбековна.

 


Апамдын каалоосун орундатуу үчүн мен “Дилгир” бий тобуна келип бийлей баштадым. Өз эрким менен келбегендиктен мага бий өнөрү, группадагы кыздар менен тил табышуу бир топ кыйынчылыкка туудурду. Ошентсе да бийге дене боюм үйрөнө түшкөнгөбү бийди таштап кеткенден кийин толо баштадым, апамды да капа кылып алдым окшойт. Ойлонуп толгонуп кайра бийге барууну туура көрдүм. Бий менин хоббим болуп калды. Бийге катышкандан тартып туура басууну, адам менен мамиле жасоону, жоопкерчиликти жана өзүмө болгон ишенимдүүлүктү үйрөнө алдым, жана ошону менен бирге эле көнүгүүлөрдү жасап ден-соолугумду да чыңдай алдым. Бий музыканын коштоосундагы кыймыл аракет гана эмес жаратылышты, аба, суу, отту деги эле табигат тартуулап турган не таң ажайып сулуулукту бий менен жеткире билүү.
Бийдин ар кандай түрлөрү бар. Мага көбүнчө улуттук бийлерди бийлеген жагат. “Сен жан дүйнөң менен музыканы түшүнө алсаң анда, катардагы ак маралдай керилген, тал-чыбыктай ийилген сулуу бийчилердин сабын толуктай аласын, бул сендеги талант, чоң эмгек, жан дүйнөңдөгү оргуштап ачып жаткан сырдуу күч” - деп апамдын айткан кеби мага көп сабак болот. 
Эмгек демекчи хореограф Гүлжамал Шаршеевна талантты, талыкпас эмгеги, кыздарга жасаган энелик, эжелик мээрими алтындай убактысын кыздарга бөлүп жакшы жетишкендиктерге жетип, ийгилик жаратып келет. “Ынтымак бар жерде ырыс бар” демекчи топтогу кыздар жакшы достордонбуз. Он эки жылдын жузү болгон “Дилгир” элдик бий ансамбли жакында Алматы шаарында өтчү бий өнөрүнүн “Танцующий мир” эл аралык сынагына катышып бир эле учурда эки ийгилик жаратып, биринчиликке жетишип, кыргыз желегин желбиретип келдик. Мындан кийин да эженин эмгегин актап көптөгөн жетишкендиктерге жетебиз. Себеби тамыры кенен кулач жайган таланттуу балдар борбору “Сейтектен” чыккан “Дилгир” элдик бий ансамбли күчтүү жана бирдиктүү. Мына быйыл “Сейтектин” 80 жылдык мааракеси болгону турат. Сегиз саны не керемет, чексиз сан. Ушул жыл аралыгында эмгеги зор “Сейтек” борбору өзүнүн талыкпас эмгекчилери, комузчулары, бийчилери менен дүйнө элдерине таанылып дагы да кулачын кенен жайып, көптөгөн жакшылыктардын ээси болсун. Алга 80 жылдык тарыхы бар балдардын “Сейтек” борбору.

Таалайбек кызы Аймээрим,

14 жаш  Төмөнкү Аларча орто мектеби 

 

Моя дочь - Дуйшекеева Алима танцует в “Дилгир” уже 5 лет. Танцы для нее, прежде всего, физическое, эстетическое и интеллектуальное развитиее. Это очень важно для девочки.
Художественный руководитель ансамбля заслуженная артистка Кыргызской республики – Шамыралиева Гульжамал Шаршеевна большое внимание обращает на гармоничность и правильность развития осанки и гибкости участниц. Этому способствуют уроки основам хореографии классического танца. Девочки узнают о балетном искусстве, могут почувствовать гармонию движений и музыки, совершенствуют позиции рук и ног, положения головы и тела. Так же они постигают азы французкого языка, тк все танцевальные элементы в классическом танце имеют названия на французском. 
 В репертуаре “Дилгир” множество танцев народов мира, танцуя которые Алима узнает особенности традиций, движений и костюмов разных народов. Приятно отметить, что помимо набора движений она учится выражать характер танца. Особенно Алиме нравится Арагонская хота, Вьетнамский танец, Испанский танец, Куш бийи, Индийский танец, Менуэт, Кавказский танец. 
 Каждый концерт ансамбя – это яркое событие, на которое собирается вся семья, а также наши друзья. Все получают много впечатлений и удовольствие от выступления. Это дополнительный повод встретиться вместе и испытать гордость за нашу Алиму.
Для участниц ансамбля концерт - это результат труда и оценка их творчества, а также возможность развить концентрацию внимания и ответственность. Я часто сопровождаю дочь во время выступлений и вижу, как девочки настраиваются, в считанные минуты готовятся к танцу. Невероятно, кто бы что не делал, где бы не находился, в каком бы настроении и состоянии не был, с первых нот музыки, вся группа на сцене и с улыбкой танцует сложные, красивые, уникальные постановки Гульжамал Шаршеевны.
Благодаря танцам дочь развивает координацию движений, выносливости, а также учится управлять своим телом. Движения у нее красивые и элегантные. Посколько ансамбль много выступает, участвует в съемах, конкурсах, Алима совсем свободно чувствует себя на сцене, знает “вкус и притягательность” сцены. 
 На занятия по танцам дочка идет с большим удовольствием, тк в красивом и уютном зале царит хорошая атмосфера, доброе, но строгое отношение педагога. Вообще, в нашем коллективе отличное отношение к детям, к их мнению и чувству вкуса. Поэтому дети развиваются свободными, тактичными, уважают и очень любят свой ансамбль и руководителя.
Гульжамал Шаршеевна учит быть целеустремленными, творческими, она своим примером прививает любовь и уважение к танцу.

 

 

 


С уважением, Дуйшекеева Джамал

 

 

 

---------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

 

 

-------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Сейтек борборунун 80 жылдыгына
Кылымга тете жарышып,
Тарбия берип жакшылап.
Борборум “Сейтек” келатат,
Ата-эне, баары алкыштап.

 

 

 


****

 

 

 


Бузбастан салтын кыргыздын,
Бапестеп жүрөт балдарын.
Үйрөтүп келет талыкпай,
Дүйнөнүн жакшы жактарын.

 

 

 


****

 

 

 


“Сулуулук өмүр сакчысы”,
Деген сөз бар жалпыда.
Жакшыга дайым умтулсак,
Келечегиң алдыда.

 

 

 


****

 

 

 


Куттуу болсун майрамын,
Жүрөлү дайыма шайма-шай
Талыкпаган эмгегин,
Кайрыла берсин майрамдай!

 


Айзаттын тайнеси

 

 

 

 


Дүйшеева Жумабүбү

 

 

 

 

 

 

«Дилгир» элдик бий тобунун ата-энелер жамаатынын атынан балдардын жана оспурумдордун «Сейтек» улуттук борборунун тузулгондугунун 80 жылдык юбилейи менен куттуктайбыз!
«Сейтек» борборунун 80 жылдык жашы- бул эн сонун юбилей! Ал коллективдин турмуштун ачуу-таттуу, ойдо-томон агымына туруштук берип, уюшкандыкта «бир женден кол, бир жакадан баш чыгарып» дегендей, ушунча жылдан бери иштеп осуп, онугуп келе жатканын айгинелейт.
80 жылдын ичинде «Сейтектен» 21-кылымдын бугунку кунундо-биздин балдарыбыз тарбияланышып жатышса, кечээги кунундо –биз, алардын ата-энелери, ал эми откон 20 -кылымда-чон ата-апалары да тарбия алып келдик.
Бугунку кундо «Сейтек» маданий-эстетикалык жактан балдарыбызга эн сонун тарбия беруу менен чыгармачылык потенциалын оркундотууго баа жеткис саламын кошуп жатканы талашсыз.
Борбордо ар кандай курактагы жана улуттагы жаш балдардын нак жамаатташтык, оз-ара жардамдашуу, кызматташуу деген тушунуктору бекемделип, ата-мекенчил -патриоттуулук жана интернационалдуулук духу которулуудо.
«Сейтек» кыргыз балдарынын чыгармачылыгын бизде гана эмес, чет олколордо откорулуп жаткан эл-аралык фестивалдарда, кароо-сынактарда да татыктуу корсотуп, кыргыз элин даназалап келет.
«Сейтек» ушундай эле эн сонун моралдык, жана мындан мыкты материалдык жана заманбап физикалык акыбалы менен биздин неберелерибизди, чоборолорубузду да жакшыныкай жаркын маанайда тосуп алуусун каалайбыз. 
Менин кызым Сайкал «Сейтек» борборунун алдында тузулгон «Дилгир» элдик бий тобуна 2013 жылдын октябрь айынан баштап бара баштады. Барган кундон баштап эле чыгармачылык, чеберчилик жана талант атмосферасына чомулду десем жанылбайм. Сайкал кубануу менен ар бир сабака барат, жана бош убактыларында бий кыймылдарын , номерлерин оз алдынча репетиция кылып, же бийлерди коштоочу куулорду ырдап калат. Бий тобуна барганы менин кызымдын артистуулугу, чыдамдуулугу жана озуно болгон ишенимдуулугу осо баштады.
Сайкал «Дилгир» бий тобунун мучосу болгонуна абдан сыймыктанат.
«Дилгир» бий тобунун жетекчиси Шамыралиева Гулжамал оз кесибинин профессионалы. Таланттуу, озгочо боорукер, ак-ниет, сезимтал, чын-журок жана оз иши учун жанын уроп иштеген жылдыздуу кыргыздын алдынкы айымдарынын бири.
«Билимдүү билимин берет, акылдуу акылын берет» дегендей, мугалимибиз кыздарга бийлегенди гана уйротпостон, аларга басканды-турганды, озун туура алып журууну, жана да башка кыздарга тиешелуу тарбия-сабактарды берип, акыл-насаатын айткандан аянбайт. 
Мен учун эн маанилуусу, бул мугалимибиз кыздардын бийге болгон умтулуусун колдоп, жаныдан келгенине карабай, 3-4 айдын ичинде тажырыйбалуу кыздар менен бирге чон сахнага чыгарып бийлеткени. Бул ыкма жаныдан топко кошулган кыздарыбыздын чыгармачылыгына чон стимул болуп, шыгына шык кошуп, озуно ишенгендикти пайда кылууда.
Мугалимибиз учун сахнага чыгардын алдындагы даярдыктардын баардык деталдары – кыздардын жылмаюсунан баштап акыркы чач кыпчыткычынын онуно чейин маанилуу . 
«Дилгирдин» репертуары эмоционалдуулук жактан абдан каныккан жана мазмундуу. Ансамбль озунун кайталангыс чыгармачылык почерки, стили менен айрымаланат.

Озгочо белгилей кете турганы, бул бий тобунун концерттик костюмдарынын жана хореографиялык номерлердин музыкалык коштоосунун кереметтуулугу.

 

Гулжамал эжебиз кыздарды ар-кандай кароо-сынактарга катыштырып, аларга жениш кубанычын тартуулап келет.
Кыздарыбыз менен кошо биз-ата-энелер да алардын бийлегенин, бийден алган кубанычын коруп, колоссалдуу кайрат жана позитивдуу эмоцияларды алабыз. 
Гулжамал эжебизге ойдодо обок, ылдыйда жолок болуп жардам берип, ишинин илгерилешине абдан чон салымын кошуп жургон Чынара атуу эжекебизди да кыздарыбыз жакшы корушсо, ата-энелер алкайт. Ал эжебиз «Дилгир» бий тобунун бут уюштуруу, финансы жана чарбалык маселелерин бийик денгеелде чечип келет.
«Сейтекчилердин» жана анын ичинде Гулжамал эжебиз жетектеген «Дилгирчилердин» эмгек жана окуучу жамааттарын чон юбилей майрам менен куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалоо менен, дайыма ден-соолуктары чын, омурлору узун, жашоолору бакыбат доолоттуу болуусун каалайбыз!

 


Терен урматтоо менен,

 


«Дилгир» элдик бий тобунун катышуучусу, 


11 жаштагы Бугубаева Сайкалдын апасы Дамира.