Кружки
Расписка при продаже квартиры, образец - fortstroi.com.ua
Информация о недвижимости - comintour.net
Чем штукатурят газобетон, смотрим на странице http://stroidom-shop.ru Как вылечить грыжу живота описано тут - https://gryzha.kiev.ua

На изображении может находиться: один или несколько человек, цветок, растение и небо

 

ПРЕСС – РЕЛИЗ

Менин сүйүктүү Кыргызстаным онлайн-акциясынын алкагында, КР билим берүү жана илим Министрлиги, балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору менен биргеликте 2020-ж. 26 августунан 1 сентябрына чейин “Кыргызстандын келечеги- балдарда!” бий боюнча онлайн - марафону жарыяланган.

“Кыргызстандын келечеги балдарда!”онлайн бий марафону Кыргызстандын бардык облустарынын жалпы билим берүүчү орто мектептеринин, мектеп гимназияларынын, мектептен тышкаркы мекемелеринин окуучуларынын арасында өттү.

Бий марафонунун максаттары: бий коллективдеринин деңгээлин көтөрүү, аларды колдоо иретинде , өлкөбүздүн келечеги болгон жаш муун аркылуу, Кыргызстанда жашаган ар улуттун, өлкөбүздүн маданиятынын көп кырдуу бай экендигин, улуттардын маданиятына өтө кылдат, сый мамиле жасоого, адамзаттын индивидуалдуулугун көрсөтүү менен бирге, баардык аудиторияга түшүнүктүү болгон ачык, так, жандуу кыймыл аракет менен, адамдардын арасында толеранттык мамилени үгүттөөнү бий аркылуу көрсөтүү. Жаңы жаш, таланттуу бийчилерди алып чыгып, алардын кийинки өсүүсүнө жардам берүү.

Ошондой эле милдеттери: Элдик бийлерди жайылтуу менен бирге аларды өстүрүү, өсүп келе жаткан муунду эстетикалык тарбиялоодо анын басымы жогору экендигин эске алуу менен бирге сергек жашоону пропагандалап, Кыргызстанда жашаган элдердин бийлөө традицияларын сактап, хореографиялык искусстводогу өз алдынча түзүлгөн коллективдерди өстүрүп өнүктүрүү.
Борбордун почтасына, вотсап номерлерине жети дубандын ар кайсы райондорунан бий тартылган видеоматериалдар жиберилди.
Бийлер, Кыргызстандын жараталышында(фон кылып), сахналык костюмдар менен, видеого тартылган бийлер группалык топ менен, же жеке бийчи аркылуу тартылышы шарт эле.

Сахналык костюмдарды кийип тартылуу бирден бир шарты болуп эсептелбей, бирок костюмдарды кийүү колдоого татыктуу болгон.

Кыска убакыттын ичинде бул бий марафонуна 300 дөн ашуун окуучулардан видеоматериалдар келип түштү .
Бардык катышкан кыздар, балдарга, алардын ата-энелерине ыраазычылык айтып кеткибиз келет.
Таланттуу балдар таймашып, бий марафонун жыйынтыгы келип чыкты. Татыктуулар табылды. Алардын тизмеси алдыныздарда. Бул таймаш аркылуу балдарды Кыргызстанда жашаган ар улуттун маданиятына аяр мамиле жасап, алардын каада-салтына урмат, сый мамиле жасоого үйрөтүү, эстетикалык тарбиялоодо балага музыка, искусство жаатына жол ачып, окуучулардын турмуш жолуна бир түрткү болооруна ишеним бар.
Бий марафонунун жеңүүчүлөрү 1,2,3 даражадагы дипломдордун ээси болушат


1 – орунду ээлеген окуучулар, бий коллективдер, студиялар, бий топтор:

 

1 “Таң чолпону” өспүрүм балдардын окуу чыгармачылык борбору,
Сокулук р-ну, Чүй обл.


2 Келечек бий ансамбли
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык балдар чыгармачылык үйү


3 Кана Дэнс ансамбли
Кара-Балта ш., Жайыл р-ну


4 Таэлия Элдик бий ансамбли

Ош ш., Келечек БЧБ


5 “Дилгир” Элдик бий ансамбли
Бишкек ш.


6 Сүйүнүч к.Аймырза
Талас обл., Кара-Буура балд.билим берүү борбору


7 Абдылдаева Айдай -Аsia style бий тобу
Ысык-Көл обл., Ысык-Көл райондук “Жаш Кыял” БЧҮ


8 Маматраимова Айжан
Жалал-Абад обл. Таш-Көмүр ш, №2 жалпы билим берүү орто мект.


9 Муратбекова Арууке
Жалал-Абад ш.


10 Кубанычбек кызы Сузанна
Нарын облусу, Нарын району Эмгек-Талаа айылы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектеп


11 Токтонова Айгерим Ариет ансамбли
Бишкек ш.


12 Токтасинова Айбийке
Жалал-Абад Ариет БЧБ

 

2 – орунду ээлеген окуучулар, бий коллективдер, бий топтору:

 

1 “Азия Нур” Элдик бий жана ыр студиясы
Бишкек ш.


2 “Кыялкеч” бий ансамбли, А.Огомбаев ат.муз.мект. Талас обл, Талас ш.


3 Абдилазиз к.Тянур –“Театр форум” группасы

Ош обл., Чоң –Алай БЧБ


4 “Арууке” бий тобу –
Анарбаева Тансуулу, Акылбекова Ырысгуль, Нурлан к.Лира, Сулейманова Бермет, Ташболотова Гузеля Ош ш., “Келечек” БЧБ


5 Кенешбек к.Тунук
Ысык-Көл обл., Түп р-ну, Шевченко орто мект.


6 Муфтуев Аскат, Муфтуев Мирад, Муфтуев Алинур
Ысык-Көл обл., Өмүр баатыр орто мект. окуучулары


7 Кубатбекова Салтанат
Москва р-ну, “Тан нуру” БЧБ


8 Джокоева Айпери-Ариет студиясы
Бишкек ш.


9 Жасмин ансамбли-Кудинова Лиана, Жирнова Полина, Усманжанова Назима, Терехова Яна,
Каракол ш.


10 “Гулкайыр” ансамбли
Жалал-Абад ш.


11 Мырзабекова Гулиза
Кара-Буура р-ну.


12 Таджиакматова Айгерим
Жалал- Абад обл.


13 Камалбаева Аяна
Жалал-Абад обл., Ариет БЧБ


14 Чокморова Сабина, “Таэлия” Элдик бий ансамбли
Ош ш., Келечек БЧБ


15 Кемелова Дильназ
Чуй обл., БӨЧБ


16 Уланбекова Айжамал
Нарын обл., Ат-Башы р-ну

 

3 орунду ээлегендер:

 

1 “Валери” группасы
Октябрь райондук БЧБ, Бишкек ш.


2 Аsia style бий тобу
Ысык-Көл обл., Ысык-Көл райондук “Жаш Кыял” БЧҮ


3 Карабекова Назми
Талас обл., Манас райондук БББ


4 Муратова Ажара
Ысык-Көл обл., Ак-Суу р-ну, М.Мамакеев ат.гимн.мект.


5 “Ассоль” Элдик бий ансамбли
Бишкек ш., Биринчи май райондук БЧБ


6 Жалилова Бегимай
Ош обл., Араван р-ну


7 “АСЫЛ ТАН” бий студиясы
Чүй обл, Ысык-Ата р-ну


8 Молдобекова Төрайым
Жалал-Абад обл. Токтогул р-ну


9 “Нур” ансамбли
Ош ш., “Келечек” БЧБ

 

Калган окуучулардын бардыгы активдүү катышкандыгы үчүн грамоталар менен сыйланышат.
Катышуучулардын тизмеси менен, жеңүүчүлөрдүн тизмесин, грамота, дипломдорду “Сейтек” борборунун сайтынан алсаңыздар болот.
Жаңы окуу жылы башталды, онлайн тартибине карабастан, бардык окуучуларга, эжей-агайларына ийгилик каалап , ден соолуктарынын чың болушун тилейбиз.