Кружки
Расписка при продаже квартиры, образец - fortstroi.com.ua
Информация о недвижимости - comintour.net
Чем штукатурят газобетон, смотрим на странице http://stroidom-shop.ru Как вылечить грыжу живота описано тут - https://gryzha.kiev.ua

Нет описания фото.

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын утурлап, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору кезектеги Акциясын жарыялайт

“Жеңиш үчүн чоң аталарга рахмат!”

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган көптөгөн иш-чараларды өткөрүүдө. Биз учурда дагы бир “Жеңиш үчүн чоң аталарга рахмат!” акцияны жарыялайбыз .
Бул акциянын максаты - өсүп келе жаткан муунду патриоттуулука тарбиялоо, муундар ортосундагы тарыхый катнашты бекемдөө, улуу адамдарга сый урмат көрсөтүү, Улуу Ата –Мекендик согуш убагындагы адамдардын эрдигин билүү, алардын фронттогу, тылдагы жасаган эрдиктерин, балдар сыймыктануу менен эскерип аларды унутпоого тарбиялоо.
Жылдан жылга убакыт бизди Улуу Жеңиш күнүнөн алыстатып баратат. Согуштун ардагерлеринин саны азайгандан азайууда. Бирок биз, алардын жаркын элсетерин сактап, муундан муунга калтырып, алар аталары, чоң аталары,бабалары менен сыймыктанышы керектигин улам айтып турушубуз керек. Бизге Улуу Жеңишти камсыз кылган ар бири кымбат. Бул биздин жалпы адамзаттын тарыхы.
Биздин акцияга ар бир каалаган үй-бүлө катыша алат. Үй-бүлөлүк архивдик сүрөттөрдөн чоң атаңардын, апаңардын, бабаңардын сүрөттөрүн таап, ата-энеңиздер менен бирге, баардыгыңыздар “Жеңиш үчүн чоң атама рахмат!” деп кыйкыруу менен бирге. Согушка катышкан адамдын аты-жөнүн, канча жашында фронтко кеткенин, кайсы фронтто болгонун, кандай медаль ордендердин ээси, экендигин айтып берсеңиздер болот (кыскача). Видеону тартып, бизге жөнөтүп, ал Акцияны тааныштарга, кошуналарга, туугандарга жөнөтсөңөр болот. 
Ошондой эле арабызда ошол согуштан аман калган ардагерлер болсо, сүрөтү, толук дареги менен видео салсаңыздар болот. 
Биз канчалык көп болсок, ошончолук биз согушка катышкан бардык ардагерлердин, тылдагы эмгекчил апа, аталардын жаркын элсетерине таазим кылып, “Рахмат” дет айтабыз. 
Бул акцияга катышуучлардын видеолору Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун Фейсбук баракчасына, сайтына жарыяланат. 
Видеолорду бул почталарга: Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
0551727269, вотсап номерлерине жөнөтсөңүздөр болот.