Кружки
Расписка при продаже квартиры, образец - fortstroi.com.ua
Информация о недвижимости - comintour.net
Чем штукатурят газобетон, смотрим на странице http://stroidom-shop.ru

ПРЕСС-РЕЛИЗ

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим Министрлиги жана балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору менен биргеликте, XIII – “Менин мекеним- Кыргызстан” балдардын чыгармачылык фестивалын өткөрүп жатат. Фестивалдын максаты балдар арасында достук мамиледе болуу, таланттуу балдарды сахнага чыгаруу, аларды таанытуу, дүйнө элдеринин бийлери, ырлары аркылуу башка элдердин маданиятын тааныштыруу, маданий кызматташтыкты чыңдоо.
Фестиваль көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде, “Ала-Тоо” эс алуучу жайда 27 июндан 3 июлга чейин өтүүдө. Быйыл “Ала Тоо” эс алуу жайында онунчу жолу өткөрүлүп жатат, юбилейлик иш-чара. Кыргызстандын : Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл областтарынын бардык аймактарынан, Казахстандын Нур-султан шаарынан таланттуу окуучулар келишет. Фестиваль 2019 “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында өтүүдө.
Фестиваль ар дайым эртең менен катышуучулардын флешмобу менен башталат. Таланттуу балдардын концерттик программасынан тышкары күнүгө фестивалдын катышуучулары көлгө түшүп ден соолугун чыңдашат.

Фестивалдын программасында:


• 27 июнь, - фестивалдын салтанаттуу ачылышы;


• 28 июнь - Ипподром менен Газпромго саякат;
9.00-12.00
15.00-17.00 – Теплоход менен Ысык-Көлдү айлануу;
20.00-21.00 – Коноктордун концерттик программасы 
(Казахстан,Чуй, Ош облусттары)


• 29 июнь - “Рух Ордо” тарыхый комплексине саякат
14.00-16.00 - “Кумдан жасалган элестер” Көлдүн жээгинде конкурсу;
20.00-21.00 – Коноктордун программасы(Нарын,Талас,Ысык-
Көл,Жалал-Абад областтары)

 

• 30 июнь - “Көңүлдүү старттар”
20.00-21.00 - Аймактар күнү: “Окуучу күткөн Мугалим” программасы

 

• 1 июль - 
16.00-17.30 - Фестивалдын салтанаттуу жабылышы(“Көгүлтүр Ысык
Көл” пансионаты)

 

• 2 июль - Кечки костер:”Фестиваль менен коштошуу”
21.00

 

• 3 июль - Бишкек ш. кайтуу

 

 

“Сейтек” борборунун администрациясы
Байланыш телефондор: 0501727269, 0552620,628